АБДУРАСУЛОВ
АБДУРАСУЛОВ Ырысбек (1950-ж.т., Тажикстан, Жерге-Тал кыштагы) – койдун селекция, генетикасы ж-а породасы боюнча адис, айыл чарба илимдеринин доктору (1999), профессор (2001). 1972-ж. КАЧИни бүтүрүп, ошол эле жерде аспирантурада окуган. 1972–73-ж. колхоздо веттехник, Мал чарба ИИИде, Кыргыз ССР ИАнын Биохимия ж-а физиология институтунда кенже илимий кызматкер (1975-81), К. И. Скрябин атындагы КАЧИде ассистент, улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы (1981-91), Кыргыз агрардык академиясында (КАУда) илимий иштер боюнча проректор (1996–2001), 2001-жылдан Эл аралык тоолор институтунда директор. Абдурасулов 50дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 2 монографиянын автору.
Эмг.: Экологические основы селекции овец кыргызской тонкорунной породы. Б., 1997.