АЛИ ИБН АБУ-ТАЛИБ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:39, 28 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛИ ИБН АБУ-ТАЛИБ (17. 3. 599, Мекке ‒ 21. 1. 661, Куфа) ‒ «Такыба халифтердин» төртүнчүсү жана акыркысы, Мухаммед пайгамбардын аталаш тууганы жана күйөө баласы (Фатиманын күйөөсү). Исламда шиит кыймылынын жаралышы Али менен байланыштуу. 7-кылымдын 50-жылдарынын орто ченинде Осмондун башкаруусуна нааразычылыктар күч алып, 636-жылы көтөрүлүш башталган. Анын жүрүшүндө Осмон халиф өлтүрүлүп, египеттиктердин сунушу боюнча Али халиф болуп жарыяланат. Осмондун аталаш тууганы, Сириянын башкаруучусу Муавий, Мухаммеддин бир топ тарапкерлери жана пайгамбардын жубайы Айша Алиге каршы чыгышат. Бийлик үчүн болгон саясий күрөштө мусулмандар Алинин тарапкерлери ‒ шииттерге жана ага каршы чыккан ‒ сунниттерге бөлүнөт. 657‒660-жылдардын аралыгында Муавийге каршы согушта ийгиликке жете албаган Али 661-жылы Куфа шаарында Харижит (к. Харижит ) тарабынан өлтүрүлөт. Эл ичинде айтылган маалыматтарга караганда, ал Куфанын алдында (Неджеф ш.) коюлган жана ал жер кийин шииттердин ыйык жайына айланган. Али тарыхка исламдагы эӊ бир кайгылуу жана кайчы мүнөздөгү адам катары кирген.