АЭРОМАГНИТТИК СЪЕМКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:47, 15 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЭРОМАГНИТТИК СЪЕМКА‒ атайын жабдылган самолёттор, вертолёттор жана спутниктеги аппараттар менен жердин магнит талаасын изилдөө ыкмасы. Ал изденчү жердин магниттик чыӊалуу күчүнүн тике багыттуу вектор бөлүгүн же жер магнетизминин толук векторун тынымсыз автоматтык түрдө аэромагнитометр менен ченөөгө негизделген. А. с. ыкмасы тоотектердин айрым түрлөрүн ажыратууда, геол. карталарды түзүүдө жана темир, боксит ж. б. кендерин издөөдө пайдаланылат. Съёмканын масштабына жараша маршруттардын аралыгы 500м ден 10 кмге чейин өзгөрөт. Маршруттар геол. структуралардын туурасын карай бири бирине жарыш жүргүзүлөт. Мында самолёт бир калыптагы бийиктикте учууга тийиш. Жыйынтыктары изокарталар жана графиктер түрүндө көрсөтүлөт.