АФРАСИАБ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:10, 7 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АФРАСИАБ--байыркы Согду мамлекетинин борбор шаары, Өзбек Респ-нын аймагында Самарканд ш-нын түндүгүнөн орун алган, аянты 219 гага жакын. Зороастризмдин ыйык китеби ‒ «Авестада» А. аталышы адам аты катары эскерилет. Ал эми эл арасында сакталып калган эзелки эпостордо Туран аймагынын башкаруучусу А. шаарын салдыргандыгы айтылат. 4-

АФРАСИ АБ58.png

к-га чейин, б. а. Александр Македонский басып алганга чейин аймактагы эӊ ири шаарлардын бири болгон. 8-к-да Согду мамлекети Араб халифатынын курамына кошулгандан кийин, А. шаары кол өнөрчүлүктүн жана сооданын борборуна айланып, мурдагыдан да гүлдөп өскөн. 9-к-дан бул шаар тарыхый булактарда Самарканд, 11‒15-к-га таандык түрк тилиндеги эмгек

Афрасиабдан табылган сүрөттөн фрагмент.

терде Семизкент деген аталыш менен кездешет. 1220-ж. шаар Чынгызхандын аскерлери тарабынан талкаланган. Кийин анын жанына азыркы Самарканд ш. салынган. А. шаарына археол. казуу иштерин алгач Борзенков (1874), В. В. Крестовский (1883), Н. И. Веселовский (1884‒85, 1895), В. В. Бартольд (1904) жана В. Л. Вяткин (1905; 1912‒13) жүргүзүшкөн. Казуу учурунда 10-к-га тиешелүү чоӊ мечит, о. эле монгол баскынчылары тарабынан өрттөлгөн мечит, шаардыктардын турак жайлары, 7‒8-к-дагы хан сарайынын калдыктары, суу түтүктөрү, курал-жарактар, кооздук буюмдар ж. б. табылган.
Ад.: Вяткин В. Л., Афрасиаб ‒ городище былого Самарканда. Самарканд, 1926; Шишкин В. А., Афрасиаб ‒ сокровищница древней культуры, Таш., 1966.