АТЫШОВ Көбөгөн

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:26, 25 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) (Dilde moved page АТЫШОВ to АТЫШОВ Көбөгөн) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТЫШОВ Көбөгөн (20. 10. 1949-ж. т., Нарын обл., Кочкор р-ну, Кум-Дөбө айылы) ‒ экономист, экономика илимд. доктору (1992). КМУнун география ф-тин бүткөн (1971). Орто мектепте мугалим, Кыргыз Энциклопедиясында ил. редактор, КР УИАнын Экономика жана политология ин-тунда ил. кызматкер, 1995-жылдан КАЧУда кафедра башчы, декан. 2002‒03-ж. Бишкек мамл. экономика жана ишкердик ун-тинде кафедра башчысы, 2005-жылдан проректор. Эмгектери Кырг-ндын жаратылыш ресурстарын экон. жактан баалоого жана натыйжалуу пайдаланууга, туризмди жана регионалдык экономиканы өнүктүрүүгө арналган. 100дөн ашуун ил. иштери жарыяланган.

Эмг.: Кыргызстандын туризм географиясы. Б., 1996; Туризм алкагындагы реклама. Б., 1997; Экотуризм. Б., 2005.