АТАЙ ОГОМБАЕВ Талас районундагы кыштак
Jump to navigation
Jump to search
АТАЙ ОГОМБАЕВ, Ж е р г е - Т а л ‒ Талас обл-нун Талас р-ндагы кыштак. Калба айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Көк-Ой кыш-нан 21 км. Маймак темир жол бекетинен 140 км. Калба жана Беш-Таш сууларынын аралыгында, деӊиз деӊг. 1427 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3148 (2009); негизинен дыйканчылыкта, багбанчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, Кыргыз ССРинин эмг. сиӊ. арт. комузчу М. Козубекованын музейи, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу дарыкана, китепкана, клуб, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, тери, кум, кыш, кымыз цехтери бар. Кыштакка Кыргыз Респ-нын эл артисти Атай Огомбаевдин ысмы коюлган.