АТАЙ кыштагы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:19, 8 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТАЙ ‒ Жалал-Абад обл-нун Тогуз-Торо р-ндагы кыштак. Атай айыл аймагына караштуу. Атай суусунун жээгинде, деӊиз деӊг. 1358 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Казарман кыш-нан 25 км түш.-батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 435 км. 1909-ж. отурукташкан. Айылдын аталышы «Курманбек» эпосундагы А. аттуу кейипкердин эрдиги, анын сөөгүнүн ошол жерде коюлушуна байланыштуу. Калкы 1459 (2009); негизинен мал жана аары чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар.