АСЫРАП АЛУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:35, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search


АСЫРАП АЛУУ‒ башка бирөөнүн баласын багып алуу. Ал сот органдарынын чечими б-ча жүргүзүлүп, милдеттүү түрдө катталат. А. а. асыранды бала м-н аны тарбиялап өстүрүүгө алган адамдын ортосунда ата-эне м-н өз балдарынын ортосундагыдай эле укуктук мамилелер белгиленет. Эресеге жете элек балдарды алардын таламдарына жараша гана асырап алууга жол берилет. 10 жашка толгон баланы А. а. үчүн өзүнүн макулдугу талап кылынат (ата-энелик укуктан ажыратылган, мыйзамда белгиленген тартипте укук жоопкерчилигине жараксыз же дайынсыз жоголду деп табылган, о. эле баласын тарбиялоодон качкан ата-энелердин макулдугу суралбайт). Көзөмөлчүлүктө (камкорчулукта) турган баланы А. а. үчүн көзөмөлчүнүн (камкорчунун) же бала жашаган балдар мекемесинин администрациясынын макулдугу керек. Эгер асырап алуучу никеде турса, анын жубайынын макулдугу зарыл ж-а жаӊы ысым, фамилия ж. б. өзгөртүүлөр киргизүүгө укуктуу болушат. А. а-нун жашыруундуулугу мыйзам аркылуу сакталат, аны жарыя кылгандык үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Асыранды балдар, алардын укум-тукумдары ‒ А. а-чуларга, алардын туугандарына карата, ал эми А. а-чу ж-а анын туугандары асыранды балдарга, алардын укум-тукумдарына карата өз туугандарын дай эле мүлктүк, өздүк укуктарга, милдеттерге ээ. Мындайда асыранды баланын өз ата-энесине, өз туугандарына болгон укуктары, милдеттери жоюлат. Мыйзам аркылуу белгиленген шарттарды бузуу м-н жүргүзүлгөн А. а. сот тартибинде жоюлушу мүмкүн. Баланын кызыкчылыгы үчүн кээ бир учурларда А. а-чуга баланы багуу үчүн каражат төлөп туруу милдети берилиши мүмкүн. С. Муратбек кызы.