АПОЛЛОН -- олимпия кудайы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:13, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (7)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПОЛЛОН– грек мифологиясындагы олимпия кудайы. Зевстин жана Летонун уулу, Артемиданын эгизи. Легенда б-ча кызганчаак Гера Зев­стин сүйгөнү Летону кургактыкта жашоого тыюу салгандыктан, ал сүзүп жүрүүчү Астерия аралына жашап калып, ошол жерден уул көрөт. А. эрте жетилип, жаш чагында эле ошол аймакты ойрондотуп турган Пифон деген ажыдаарды, о. эле анын энесин кемсинтүүгө аракеттенген Титийди, Зевстин чагылганын курчуткан циклопторду өлтүрөт. Олимпиялыктардын гиганттар жана титандар менен салгылаштарына катышат. Троя согушунда А. троялыктарга жардам берип, Гектордун Патроклды, Паристин Ахиллди өлтүрүшүнө түздөн түз катышкан. А-дун ойрондотуучу касиеттеринен тышкары, дарыгерлик касиети да болгон. А. дарыгер же Пеон, Алексикакос, оорулардан жана жамандыктан коргоочу катары да эсептелген. Кийин аны күнгө теңей башташкан. А. уруулардын, ырчылардын, музыканттардын, малдын, шаарлардын башкаруучусу жана пири катары да саналган. А-го сыйынуу Грекияда кеңири тараган, бирок А-го арналган майрамдар негизинен Дельфы храмында өткөрүлгөн. Делостогу А-дун храмы Делос союзунун диний-саясий борбору болгон. Кийин Италиянын грек колонияларынын тургундарынан А-ду ыйык тутуп, ага сыйынуу Римге өткөн. Римде А. динде жана мифологияда кудайлардын бири катары эсептелип, император Август аны өзүнүн патрону катары жарыялап жана анын урматына мелдештерди уюштуруп, Римдеги эң ажайып жана бай А. храмын курдурган.