АМПЕР Андре Мари

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:54, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМПЕР Андре Мари (22. 1. 1775-10. 6. 1836) - француз физиги жана математиги; электр динамикасын негиздөөчүлөрдүн бири, Париж ИАга мүчө (1814). 1805-жылдан Париждеги политехникалык мектепте иштеген. Ушул мезгилде ыктымалдык теориясы, вариациялык эсептөө, матанализ боюнча эмгектерин жарыялайт. 1824-жылдан Париждеги нормалдуу мектептин профессор Ампер физика боюнча иштери менен ири окумуштуулардын катарына кошулган. 1820-ж. X. К. Эрстед электр тогунун магнит жебесине жасаган аракетин ачкандан кийин, Ампер ток аракети менен магнит жебесинин кыйшаюу багытын аныктаган. Анын кийинки изилдөөлөрү электр тогу өткөн учурда өткөргүчтөрдүн өз ара аракеттенүүлөрүнүн ачылышына жана бул өз ара аракеттенүү күчүнүн чоңдугун аныктоого алып келген (к. Ампер закону). Ампер 1-жолу магнетизм теориясын түзгөн.