АЛЬМЕЕВ Ирик Абдуллаевич
15:39, 14 Июль (Теке) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) (Dilde moved page АЛЬМЕЕВ 1 to АЛЬМЕЕВ Ирик Абдуллаевич) тарабынан жасалган версия
АЛЬМЕЕВ Ирик Абдуллаевич (1937-ж. т., Өзбекстан, Сурхан-Дарыя обл., Термез ш.) – зоотехник, а. ч. илимд. доктору (2001). КРдин айыл чарбага эмг. сиң. кызматкери (1999). КАЧИни бүтүргөн(1961.). Зоотехник-селекционер, совхоздун башкы зоотехниги болуп иштеген. 1979-жылдан эчкилерди өстүрүү жана селекциясы б-ча Кыргыз мал чарба ИИИде лабор. башчысы. Генетика, селекция жана малды көбөйтүү б-ча адис. Анын 100дөн ашык ил. эмгектери, анын ичинде 1 монографиясы бар. Эмг.; Кыргызстандын тыбыттуу эчкилери. Ф., 1986; Выведение и совершенствование кыргызской пуховой породы коз, Б., 2000.