АЛЫМКУЛОВА Гүлшат
15:36, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) (Dilde moved page АЛЫМКУОВА Гүлшат to АЛЫМКУЛОВА Гүлшат) тарабынан жасалган версия
АЛЫМКУЛОВА Гүлшат (1921, Чүй обл., Сокулук р-ну, Белек айылы -2006, Бишкек) – врач-терапевт, “элдик врач”. Эл комиссариатынын фельдшердик окуу жайын (1938), КММИни (1948) бүтүргөн. Эмгек жолун Жалал-Абад обл-нун Ала-Бука р-ндук амбулаториясында фельдшер болуп баштаган, 1939-42-жж. р-ндун саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы болгон. 1948-жылдан Нарын ш-ндагы мед. окуу жайынын директору, 1949-ж-дан Тянь-Шань обл-нун р-ндук ооруканасында башкы врач. 1953-86-ж-дары Фрунзе ш-ндагы №1 клиникалык ооруканасында врач болуп иштеген. 1986-ж. ардактуу эс алууга чыккан. Анын иштеген иштеринин көрсөткүчтөрү жогору болуп, жылдан жылга өлүм саны азайган.