АЛЫБАЕВ Курманбек Сармаевич
16:22, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) (Dilde moved page АЛЫБАЕВ 2 to АЛЫБАЕВ Курманбек Сармаевич) тарабынан жасалган версия
АЛЫБАЕВ Курманбек Сарманович (1952-ж. т., Жалал-Абад обл., Аксы р-ну, Кызыл-Туу айылы) – физика-математика илимд. доктору (2002).ОМПИни (1974), КМУнун аспирантурасын бүтүргөн (1980). ОМПИде окутуучу, орто мектепте мугалим, директордун орун басары, директору, декан, ректордун милдетин аткаруучу, ЖАМУда сырттан окуу бөлүмү б-ча проректор (2000), ОшТУда проректор (2002-05) болуп эмгектенген. 2005-жылдан ЖАМУда окуу иштери б-ча проректор. Дифференциалдык тендемелер б-ча адис. 27ден ашык ил. эмгеги, анын ичинде 1 монографиясы жарык көргөн. Эмг.: Сингулярно возмущенные уравнения при нарушении условия устойчивости (в соавт.). Жалал-Абад, 2001.