АПЕЛЬСИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:12, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПЕЛЬСИН (Citrus sinensis)– руталар тукумунун цитрус уруусундагы дайыма жашыл мөмө дарагы. Бийикт. 7-12 мге жетет. Жапайы түрү белгисиз. Мекени Индия жана Түш.-Чыгыш Азия. Жалбырагы сүйрү, гүлү кош жыныстуу ак, жьггтуу, жалгыздан же чачы топ гүлгө чогулган. Мөмөсү уруктуу, салм. 300-600 г, өңү сары, жыттуу, таттуу же кычкыл, ширелүү. Курамында кант, лимон к-тасы, аскорбин к-тасы, А, В, Р витаминдери, кальций, калий, фосфор туздары бар. Мөмө кабыгында жана жалбырагында эфир майы болот. Ал 75 жылга чейин мөмө байлайт. Сортторунун 4 тобу белгилүү. Мөмөлөрүнүн түсү ар түрдүү. Көп сорттору 4 миң жылдан бери Бирманын чыгышы жана Кытайдын түш.-батышында, тропик жана субтропикте, ал эми Европада (Кавказда, Крымдын Кара деңиз жээгинде) 15-к-дан бери өстүрүлөт.

АПЕЛЬСЙН 13.png