АЛДАШЕВА Айгүл Абдулхаевна
Jump to navigation
Jump to search
АЛДАШЕВА Айгүл Абдулхаевна (3. 6. 1951-ж. т., Фрунзе) ‒ психология илимд. доктору (1996). Ленинград мамлекеттик университетин бүтүргөн. КР УИАсында илимий кызматкер болуп иштеген. Социалдык психология жана башкаруу психологиясы б-ча адис. 1999-жылдан КРдин Улуттук банкынын персоналдар менен иштөө б-ча кеӊешчиси. А. Алдашеванын адамдын эмгек ишмердигиндеги психологиялык факторго жана анын физиологиялык жактан нормалдашуусуна талдоо жүргүзгөн 40тан ашык илимий эмгектери бар.