АГРОЛАНДШАФТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:48, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГРОЛАНДШАФТмезорельефтин элементте ринде топурак ареалы менен чектелген же болбосо топурак курамына (бирдей геол., литологиялык, гидрол. ж. б. шарттарда) ээ болгон жер бетинин бир бөлүгү. А. топурактын түшүмдүүлүгүн арттыруу үчүн экол. коопсуздукту эске алуу менен жер ресурстарынын мүмкүнчүлүгүн эӊ арбын колдонгон а. ч. иштеринин түрүнө кирет.

Агроландшафт (пахта талаасы).

Айдоо жерлерди туура эмес пайдалануунун натыйжасында жерлер суу, шамал аркылуу эрозияга учурап, көп жерлерде жер кыртышын суу басып, шорлонтуп жиберет. О. эле, бул айдоо жерлердин хим. (канцерогендик, мутагендик) заттар менен булганышынан айдоо жерлердин түшүмдүүлүгү төмөндөйт. Хим. жер семирткич тердеги уулуу заттар калк арасында ар түрдүү оорулардын көбөйүшүнө өбөлгө түзгөн. Бирок, акыркы жылдары хим. заттар биол. заттар менен алмаштырылууда. А. Козубекова.