АГРЕГАТ СТАНОГУ
Jump to navigation
Jump to search
, а г р е г а т т е с и ‒ стандартташтырылган, бирок бири-бири менен кинематикалык агрегаттар аркылуу өз ара байланышпаган агрегаттардан куралган атайын
металл кесүүчү механизм. Кыймылдардын өз ара көз карандылыгы жана удаалаштыгы бирдиктүү башкаруу системасы аркылуу агрегатка берилет. Башка тетикти иштетүү үчүн аны тез өзгөртүп түзүүгө, өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, көп аспап менен бир нече ишти бир эле убакта аткарууга, долбоорлоонун мөөнөтүн кескин кыскартууга болот. А. с. негизинен ири сериялык өндүрүштө колдонулат.