АВТОМОБИЛЬ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:40, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (7)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОМОБИЛЬ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ‒ автомобилди кыймылга келтирүүчү мех. энергиянын булагы болгон атайын кыймылдаткыч. Автомобиль үчүн жылуулук жана электр кыймылдаткычы колдонулат. Анын көпчүлүгү ичинен күймө

бышкектүү (поршендүү) кыймылдаткыч болот да, жумуш процесси б-ча 4 жана 2 такттуу, күйүүчү майды от алдыруунун жолу б-ча карбюратордуу жана дизелдик болуп бөлүнөт. А. к. цилиндринин саны жана жайгашышы (катарлаш, V түрүндө ж. б.), клапанынын орун алышы (жогору же төмөн), цилиндринин жумуш аткаруу көлөмү (литражы), муздатуу түрү (суу, антифриз же аба менен), аткарган кызматы ж. у. с. б-ча айырмаланат. Азыркы 4 такттуу А. к. цилиндрдин блогунан (картери менен) жана бөркүнөн, бышкектен, тээктен (шатундан), муунактуу валдан, күүлөнтүүчү дөӊгөлөктөн, бөлүштүргүч валдан ж. б. турат. Цилиндринин саны канча көп болсо, кыймылдаткыч ошончо бир калыпта иштейт. Кыймылдаткычтар: радиатор, желдеткич, аба жана май чыпкалары, стартер ж. б. менен жабдылат. Жеӊил жана көлөмү кичине аккумуляторду түзүү шаар ичинде

Карбюраторлуу кыймылдаткычтын туура кесилиши: 1 ‒ картер; 2‒ муунактуу вал; 3 ‒ шатун; 4 ‒ бышкек (поршендин) шакекчеси; 5 ‒ бышкек; 6 ‒ цилиндр блогу; 7 ‒ клапан; 8 ‒ цилиндрдин бөркү; 9 ‒ бөлүштүргүч вал; 10 ‒ коромысло; 11 ‒ карбюратор; 12 ‒ старт¸р.

жүргөн автомобилдердеги ичинен күймө кыймылдаткычты электр кыймылдаткычы менен алмаштырууга да мүмкүндүк берет.