АРЫСТАНОВА Светлана Амановна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:38, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРЫСТАНОВА Светлана Амановна (27. 4. 1938-ж. т., Жалал-Абад ш.) – КРдин эл мугалими (2006), КРдин эмгек сиңирген мугалими (1995). КМУнун химия-биология факультетин бүтүргөн (1965). Педагогикалык ишмердигин 1964-ж. Фрунзедеги № 47 орто мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1968–71-ж. Мали Республикасынын Бамако шаарында, 1974–90-ж. Фрунзедеги № 6, 17, 20 орто мектептерде мугалим, 1990-жылдан № 6 орто мектепте директор болуп эмгектенген. 2000-ж. ушул мектептин базасында республикада алгачкы автордук окуу-тарбия комплекс-гимназияны түзгөн.С. Арыстанова «Билим», «Маданият», «XXI кылымдын кадрлары», «Аялзат», «Улуттун чындыгы» ж. б. улуттук программаларды жана багыттарды окуу-тарбия процессине киргизген. Бир нече монографиянын ав­тору. Медалдар менен сыйланган.

АРЫСТАНОВА 67.png