АРСЫГУЛОВ Жекшеналы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:34, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРСЫГУЛОВ Жекшеналы (1928-ж. т., Чүй обл., Сокулук р-ну, Төш-Булак айылы) – артист, КРдин эл артисти (1986). Эмгек жолун 1942-ж. Сокулук р-ндагы «Төш булак» чарбасында колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1945-жылдан Кыргыз драма театрында артист. Жалпысынан 100дөн ашуун роль ойногон, алардын көрүнүктүүлөрү: Олег Кошевой (А. Фадеев, «Жаш Гвардия»), Эрмек (А. Куттубаев, К. Маликов, «Биз баягы эмеспиз»), Өмүркул (М. Toкобаев, «Кайгылуу Какей»),

АРСЫГУЛОВ 33.png


Бобчинский (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Жапалак (Р. Шүкүрбеков, «Жапалак Жатпасов»), Маке чал (Б. Жакиев, «Алтын аяк»), Малабай (Т. Абдумомунов, «Жыгылган

А. Островскийдин «Күнөөсүз күнөөлүүлөр» спектаклинен көрүнүш. Шмага – Ж. Арсыгулов, Незнамов – С. Далбаев.

оогонго күлөт»), Эдгар (У. Шекспир, «Король Лир»), Плюшкин (Н. Гоголь, «Өлүү жандар»), Нурмат (А. Осмонов, «Maxaбат»). Бир нече медалдар менен сыйланган.