АКИМАЛИЕВ Жамин
АКИМАЛИЕВ Жамин (5. 5. 1936‑ж. т., Нарын обл., Ак‑Талаа р‑ну, Үгүт айылы) – агроном, а. ч. илимд. доктору (1981), проф. (1982), Кыргыз ССР ИАнын корр. мүчөсү (1979), акад. (1993), РАЧИАнын академиги (1992). Кыргыз ССР мамл. сыйл. лауреаты (1967). КРдин а. ч‑на эмг. сиң. кызматкери (1993). 1956‑ж. К. И. Скрябин атн. КАЧИни бүткөн. Кыргызстан дыйканчылык ИИИнин улук ил. кызматкери
(1961-62), директордун ил. иш б‑ча орун басары (1962‑63), Кант кызылчасы б‑ча тажрыйба‑селекция станциянын директору (1963‑68), Кыргыз ССРинин Айыл чарба министринин биринчи орун басары (1968‑71), Сокулук райкомунун 1‑секретары (1971‑79), КАЧИнин ректору (1979‑86), Кыргызстан дыйканчылык ИИИнин ген. директору (1987‑96, 2001‑жылдан). КААнын президенти (1996‑2001). Негизги эмгектери кант кызылчасынын азыктуулугун көтөрүүгө арналган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь революциясы, Манас (III даражадагы) ордендери менен сыйланган. Эмг.: Жогорку түшүм алуунун жолдору. Ф., 1965; Сугат жерлериндеги кант кызылчасы. Ф., 1967; Выращивание сахарной свёклы в Киргизии. Ф., 1971; Система возделивания орошаемой сахарной свёклы в Киргизской ССР. Ф., 1974.