АВТОКАР
Jump to navigation
Jump to search
(авто … ж-а англ. саr ‒ кол араба), а в т о а р а б а ‒ жүк салынуучу секичелүү (платформалуу) кыймылдаткычы бар өзү жүрмө араба. 5 тга чейинки майда жүктү кыска аралыкка 20 км/с ылдамдык м-н ташууга арнал
ган. Сактоочу жайда (склад) жүктү жүктөп-түшүрүү жумуштарын механизациялаштыруу үчүн ж-а з-д аймагында, транспорт, темир жол тармагында, портто, ири кампаларда ж. б. пайдаланылат. Кыймылдаткычы катары ичинен күймө кыймылдаткыч колдонулат. Ал айрым учурда көтөрүүчү секичелер, жүктөгүчтөр ж. б. м-н жабдылышы мүмкүн. 1960-жылдардан баштап электркар деп аталган аккумулятор батареясынан электр кыймылга келтиргичтүү А. колдонулушка ээ болгон.