АККРА
АККРА – Гана Республикасынын борбору, өлкөдөгү эң чоң шаар. Калкы 2,3 млн (2018). Гвинея булуңундагы порт. Темир жана автомобиль жолдор тоому, эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн соода, өнөр жай жана маданий борбору. Металл иштетүү, текстиль, тактай тилүү, тамак‑аш өнөр жайлары; электр жабдууларын чыгаруучу з‑д иштейт. Кустардык жол менен алтын жана күмүш буюмдары жасалат. Алмаз жана какао‑буурчак сатуучу рынок. Ун‑т, ИА, Улуттук, илим менен техника музейи бар. А. 16‑к‑да негизделген. 1876‑жылдан 1957‑ж. чейин Алтын жээктин резиденциясы, европалыктардын о. кылымдагы форту болгон.
мөөнөттө алуу үчүн алуучунун аты жазылып, укугун күбөлөндүргөн баалуу кагаз; 2) милдеттенмелер аткарылгандан кийин товар, иш аткаргандык же кызмат көрсөткөндүк үчүн токтоосуз төлөм алууга мүмкүндүк берүүчү банк эсебинин түрү; ишканалар менен уюмдардын ортосунда акчасыз эсептешуүнун түрү катары, о. эле коммерциялык операциялар б‑ча эл аралык эсептешүүдө пайдаланылат. Негизги түрлөрүнө акчалай жана товардык (документтүү) А. кирет.