АЙДАРАЛИЕВ Асылбек Акматбекович
АЙДАРАЛИЕВ Асылбек Акматбекович [(1941ж. т., Ысык‑Көл обл., Пржевальск ш. (азыркы Каракол)] – физиолог, медицина илимд. доктору (1977), проф. (1988), КР УИАнын академиги, КРдин илим жана техника бча мамл. сыйл. лауреаты (1996), КРдин илимге эмг. сиң. ишмери, (1998) КРдин ыйгарым укуктуу элчиси.
КММИни бүтүргөн (1964). Кыргыз ССР И Анын физиология жана эксперименттик патология ин‑тунда, СССР ИАнын Ы. Чыгыш бөлүмүнүн Түндүктүн биол. проблемасы б‑ча ин‑тунун директору (1987–94). РИАнын Ы. Чыгыш бөлүмүнүн, «Арктика» эл аралык ИИБнын, о. эле Түн. Чыгыш ил. борборунун төрагасынын орун басары болуп иштеген (1989–94). 1994‑жылдан Кыргызстандагы Эл аралык ун‑ттин президенти. 2001‑жылдан КРдин президентинин алдындагы Too райондорун өнүктүрүү б‑ча улуттук борбордун төрагасы. Ил. иштери экстремалдык абалдагы физиология, космос жана авиация медицинасына арналган. Эмг.: Физиологические механизмы адаптации и пути повышения резистентности организма к гипоксии. Ф., 1978; Адаптация к экстремальным факторам среды: опыт прогнозирование (в соавторстве). Л., 1987;Экология человека на Крайнем севере (в соавторстве). Владивосток, 1996.