АЭРОМАГНИТТИК СЪЕМКА
Jump to navigation
Jump to search
‒ атайын жабдылган самолёттор, вертолёттор жана спутниктеги аппараттар менен жердин магнит талаасын изилдөө ыкмасы. Ал изденчү жердин магниттик чыӊалуу күчүнүн тике багыттуу вектор бөлүгүн же жер магнетизминин толук векторун тынымсыз автоматтык түрдө аэромагнитометр менен ченөөгө негизделген. А. с. ыкмасы тоотектердин айрым түрлөрүн ажыратууда, геол. карталарды түзүүдө жана темир, боксит ж. б. кендерин издөөдө пайдаланылат. Съёмканын масштабына жараша маршруттардын аралыгы 500м
ден 10 кмге чейин өзгөрөт. Маршруттар геол. структуралардын туурасын карай бири бирине жарыш жүргүзүлөт. Мында самолёт бир калыптагы бийиктикте учууга тийиш. Жыйынтык тары изокарталар жана графиктер түрүндө көрсөтүлөт.