АНЬШАНЬ
Jump to navigation
Jump to search
АНЫПАНЬ– Кытайдын түн.-чыгышындагы шаар. Ляонин провинциясынын аймагында. Анынань д-нын (Ляохэ өрөөнү) боюнда, Чыгыш Маньчжурия тоосунуну этегинде, Шэньян адм. борборунан 90 км түш.-батышта жайгашкан. Калкы 1,2 млн (2010; агломерациясында 3,4 млн). Шэньян – Далянь темир жолундагы жолдор тоому. 1911-ж. чейин анча чоң эмес кыштак. Теемир кенин иштетүүнүн негизинде шаар болуп өсүп чыкты. А-дагы металлургия комбинаты Кытайдагы эң ири өнөр жай. Оор машина куруу, хим., цемент, нефть ажыратуу өнөр жайлары иштейт.�.