АТАЙ кыштагы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:49, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

‒ Жалал-Абад обл-нун Тогуз-Торо р-ндагы кыштак. Атай айыл аймагына караштуу. Атай суусунун жээгинде, деӊиз деӊг. 1358 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Казарман кыш-нан 25 км түш.-батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 435 км. 1909-ж. отурукташкан. Айылдын аталышы «Курманбек» эпосундагы А. аттуу кейипкердин эрдиги, анын сөөгүнүн ошол жерде коюлушуна байланыштуу. Калкы 1459 (2009); негизинен мал жана аары чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар.