АЭРОМАГНИТТИК СЪЕМКА
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
‒ атайын жабдылган самолёттор, вертолёттор ж-а спутниктеги аппараттар м-н жердин магнит талаасын изилдөө ыкмасы. Ал изденчү жердин магниттик чыӊалуу күчүнүн тике багыттуу вектор бөлүгүн же жер магнетизминин толук векторун тынымсыз автоматтык түрдө аэромагнитометр м-н ченөөгө негизделген. А. с. ыкмасы тоотектердин айрым түрлөрүн ажыратууда, геол. карталарды түзүүдө ж-а темир, боксит ж. б. кендерин издөөдө пайдаланылат. Съёмканын масштабына жараша маршруттардын аралыгы 500м
ден 10 кмге чейин өзгөрөт. Маршруттар геол. структуралардын туурасын карай бири бирине жарыш жүргүзүлөт. Мында самолёт бир калыптагы бийиктикте учууга тийиш. Жыйынтык тары изокарталар ж-а графиктер түрүндө көрсөтүлөт.