АХМЕТОВА Хадича
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Хадича (30. 5. 1902, Ысык-Көл обл., Каракол ш. ‒ 11. 2. 1989, ошол эле жерде) ‒ педагог. Каракол ш-ндагы жетим балдар үйүндө аялдардан чыккан биринчи тарбиячы (1918‒19). Караколдогу орус-тузем мектебин бүтүргөн (1915‒18). 1920‒53-жылдарда Кырг-ндын мектептеринде мугалим болуп иштеген. Караколдогу пед. окуу жайын сырттан окуп бүтүргөн (1940‒46). Ал эл агартуу ишине сиӊирген эмгеги үчүн Ленин ордени (1951) ж-а медалдар м-н сыйланган.