АУРИПИГМЕНТ
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
(лат. aurum ‒ алтын, pigmentum ‒ боёк) ‒ мышьяк сульфиди, минерал. Хим. формуласы As2S3. Моноклин сингониясында кристаллданат. Өӊү сары ж-а кыз
гылт сары. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 1,5‒2, бычак м-н оӊой кесилет. С. салм. 3,49. Электр тогун өткөрбөйт, магниттелбейт. Төмөнкү темп-ралуу гидро
термдик кендерде, арашан суулардын чөкмөлөрүндө ж-а жанар тоо кратерлеринде учурайт. А. ‒ мышьяк кенташы (руда). Сары боёк катары да пайдаланылат.