АТЕРОСКЛЕРОЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:05, 23 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТЕРОСКЛЕРОЗ (гр. athera ‒ ботко, sklerosis ‒ берч) ‒ кан тамырдын өнөкөт оорусу. Артерия кан тамырларынын ички бетине холестериндин катмарланышы, өзгөчө липид майынын алмашуусунун бузулушу А-го алып келет. Мында кан тамырдын ички бетине түрдүү майлар көп топтолуп фиброздуу ж-а берчтенген томпокчолор, кальциноз же атерокальциноз пайда болот. Артерия кан тамырларынын ички катмары ‒ интима калыӊдап, бузулуп, тарыйт, натыйжада органдарды, ткандарды кан м-н камсыз кылуу начарлайт. Артерия кан басымынын көтөрүлүшү, ички секреция бездеринин бузулушу, коомдук-социалдык факторлор, илим м-н техниканын өнүгүшү, кайгыруу, капа болуу, стресс абал, о. эле тукум куума, улуттук өзгөчөлүктөр да анын өөрчүшүнө түрткү берет. А-дун өөрчүшү 2 мезгилге бөлүнөт: оорунун башталышы (оору белгилери билине элек кез); оорунун күчөшү (оорунун белгилери ачык билинет). А-дун башталышын билүү өтө кыйын. Анда айрыкча мээ, жүрөк, бөйрөк, бут кан тамырлары жабыркайт. Мээ кан тамырларынын А-унда адамдын ишке жөндөмдүүлүгү төмөндөйт, унутчаак болуп, бат чарчайт, оорулунун башы айланып, салмактанат, уйкусу качат. Күчөп кетсе психикасынын бузулушуна алып келет; себепсиз кыжырланат, жүрүш-турушу өзгөрөт, кем акыл болуп калышы мүмкүн; оорунун эӊ оор кабылдоосу ‒ мээге кан куюлуу (инсульт). Жүрөк кан тамырынын А-унда алардын тарышынан жүрөк булчуӊдарын кан м-н жабдуу жетишсиз болуп, натыйжада көкүрөк же жүрөк туш катуу ооруйт. Оорулуу өтө чарчаганда же капаланганда, кээде тынч абалда деле сол кол м-н далы же моюндун сол жагы ооруйт. Бул ооруга жаштын улгайышы, холестерини көп азыктар (мээ, бөйрөк, жумуртканын сарысы, балык икрасы ж. б.) м-н тамактануу, борб. нерв системасынын бузулушу, ичкиликти көп ичүү, тамеки тартуу ж. б. түрткү болот. О. эле акыл эмгеги м-н иштегендер, эркектер көбүрөөк жабыркайт. Ооруну алдын алууда туура тамактануу, эмгек ж-а эс алуу режимдерин туура пайдалануу, дене тарбия ж-а спорт оюндарына катышуу, таза абада болуу чоӊ мааниге ээ.