АТАЙ Огомбаев

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Огомбаев (1900, Талас обл., Талас р-ну, Көк-Кашат айылы ‒ 1949, ошол эле жерде) ‒ ырчы, комузчу, күүчү ж-а обончу. КРдин эл арт. (1939). А. жети жашынан комуз черте баштап,
АТАЙ19.png

13‒14 жашында эл ырлары м-н күүлөрүн аткаруучу катары таанылган. Устаттары Жантакбай, Абдракман, Субанаалы, Айдараалынын күүлөрүн чебер гана чертпестен, кайруусуна кайруу улап, ажарын ача аткарган. 1926-ж. Токтогул м-н жолугушуусу бүткүл чыгармачылыгына өзгөчө бурулуш жа саган, андан таалим алып, ырчылык ж-а комузчулук өнөрүн үйрөнгөн. А. 1935-ж. Кыргыз мамл. драма театрына кирип, 1936-ж. филармония уюшулганда, ага солист болуп которулган. 1939-ж. ошол жерде комузчулар ансамблин уюштурган. 1940-ж. Москвада өз демилгелүү композиторлордун (элдик күүчүлөрдүн ж-а обончулардын) курсунда окуп, С. С. Прокофьев, В. М. Глиэр сыяктуу атактуу композиторлордон сабак алган. А-дын кыргыздын элдик обондорунун салттарында жаралган лирикалык ырлары («Күйдүм чок», «Эсимде», «Гүл», «Ой, булбул», «Жаштар» ж.б.) угуучуларга кеӊири маалим. Анын ырларынын обондору созулмалуу келип, нукура асемдүүлүккө ээ. «Ак Зыйнат», «Куралай», «Майчач» сыяктуу элдик ырларды да чебер аткарган. Өзүнүн «Шекер», «Тарт музыка», «Кыял күү», «Тоо булбулу» аттуу классикалык күүлөрү да бар. Токтогулдун «Келгендеги кербезим», «Чоӊ кербез», «Бала элем», «Карылык», «Үлгү ыр», «Армандуу чымчык» ж. б. ондогон ыр, күүлөрүн аткарган. Комп. В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере А-дын «Күйдүм чогун» «Айчүрөк» операсындагы Айчүрөктүн лирикалык темасына, С. Ряузов «Жаштарын» «Ак шумкар» операсына, В. Фере «Эсимдесин» «Кыргызстан» аттуу симфониясынын негизги бөлүмүнө башкы тема катары пайдаланышкан. А. Түлөев анын көптөгөн күүлөрү м-н обондорунун негизинде «Атай» аттуу симфония жазган (1962). Р. Миронович «Эсимдени» симф. оркестр үчүн иштеп чыкса, Б. Феферман «Маш ботой» күүсүнөн «Салтанат туу увертюра» жараткан (1957). А-дын ушул эле күүсү А. Аманбаевдин симф. «Бий сюитасынын» 3-бөлүмүнө алынган. А-дын бардык обондору м-н күүлөрү фортепьяно ж-а эл аспаптары, симф. оркестрлер үчүн иштелип чыккан. А. 1939-ж. Москвада өткөн кыргыз иск-восунун 1-декадасына, ошол эле жылы Москвада өткөн элдик аспаптарда ойноочулардын Бүткүл союздук 1-кароосуна, 1942-ж. Фрунзеде өткөн О. Азия респ-ларынын ж-а Казакстандын 1-муз. он күндүгүнө, 1944-ж. Ташкентте өткөн О. Азия респ-ларынын ж-а Казакстандын 2-муз. он күндүгүнө катышкан. Таласта анын аты айылга, мектепке коюлган, Бишкек ш-да бир көчөгө ысмы берилген. А. ж-дө музыка изилдөөчү В. С. Виноградов эскерүү китепчесин, жазуучу К. Каимов «Атай» романын жазган. 2001-ж. Таластагы «Манас ордо» комплексинде А-дын туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган «Талас таӊшыйт» аттуу эл аралык фестиваль өткөн. Ага карата анын ырлары, күүлөрү, эскерүүлөрү кирген «Атай» аттуу көлөмдүү жыйнак алгачкы жолу жарык көргөн, Талас обл-нун борборунда А. музейи ачылган. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.
Ад.: Виноградов В. С. Атай Огомбаев. М., 1960; Алагушов Б. Кыргыз комузчулары жана комуз күүлөрү. Ф., 1961; Каимов К. Атай. Роман. Ф., 1969.