АРАЛАШ ЖЕР СЕМИРТКИЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:48, 16 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАЛАШ ЖЕР СЕМИРТКИЧ – эки же андан көп сиңимдүү заты бар кошулма. Курамындагы негизги азык заттардын өз ара катышы (N: Р205: К20) ар түрдүү жер семирткич өсүмдүк ж-а топурактын түрүнө жараша ар башка бо­лот. Чымдуу күл топурак, токой боз топурагы ж-а кара топурактуу жерде картошка, дан өсүмдүктөрү ж-а кант кызылчасына 11: 1,55: 1; жайында азот м-н кошумча азыктандырылуучу жашылча ж-а силос өсүмдүктөрүнө, о. эле күздүк ж-а жаздык эгин, картошка, зыгырга 1:1,5:1,5; калийлүү топуракта өскөн көп өсүмдүктөргө 1:1:0; калий жетиштүү топурактагы пахтага айдоо мезгилинде ж-а себүү алдында, о. эле дан, жашылча ж-а тех. өсүмдүктөрдү себүү алдында 1,5:2,5:0 ж-а 1:4:0; түрдүү өлчөмдөгү фосфат ж-а калийлүү топурактардын өсүмдүктөрү, кызылча, картошкага 1:1:1,5; чым көңдүү топурак­тагы чанактуу өсүмдүктөр үчүн, о. эле күздүк, жаздык эгин, жашылчага 0:1:1 ж-а 0:1:1,5 катышта чачылат. А. ж. с-ти микроэлемент, герби­цид кошуп даярдоого болот. А. ж. с. чубурма ке­лип, чондугу бирдей болууга тийиш. Аны даярдоодо жер семирткич аралаштыруу эрежесин сак­тоо зарыл.