АРАКЕТ белгиси

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:53, 30 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАКЕТ у к у к т а – коомго коркунучтуу кылмыштын объективдүү белгилеринин бири. Кылмыштын объективдүү жагы эки түрдө болот: коомго коркунучтуу А. ж-а коомго коркунуч­туу А-сиздик. Коомго коркунучтуу А. адамдын активдүү, өз эрки ж-а аң-сезимдүү аракетинен келип чыгат ж-а алар үч түргө бөлүнөт: 1) күч колдонуу аркылуу, мис., киши өлтүрүү зордуктоо; террордук ж. б.; 2) жазуу түрүндө, мис., кызматтык жасалма, жалган документтерди жасоо ж. б.; 3) сөз түрүндөгүсү. Адамдар тарабынан айтылган сөз кылмыштын объек­тивдүү жагын камтыйт, мис., ушактоо, мазактоо. Коомго коркунучтуу аракет адамдын жүрүм-турумунун бир эле кыймылын же ушундай эле кыймылынын бир нечесин камтыйт, к. Аракетсиздик.
К. Бодобоев, К. Курманов.