АКЦЕНТОЛОГИЯ
17:14, 28 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) (Mariya moved page АКЦЕНТОЛ ОГИЯ to АКЦЕНТОЛОГИЯ) тарабынан жасалган версия
АКЦЕНТОЛОГИЯ (лат. accentus ‒ басым ж-а ...логия) ‒ 1. Тил илиминин басымдын функциясын ж-а жаратылышын изилдөөчү бөлүгү. 2. Тилдин акценттик каражаттары жөнүндөгү окуу. Акцентология аларды сыпаттама, салыштырма тарыхына ылайык ж-а теориялык аспектиден изилдеп үйрөтөт. 3. Тилдин акценттик каражаттарынын системасы.