АКИМАЛИЕВ Жамин

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:02, 27 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АКИМАЛИЕВ  Жамин (5. 5. 1936‑ж. т., Нарын обл., Ак‑Талаа р‑ну, Үгүт айылы) – агроном, а. ч. илимд. доктору (1981), проф. (1982), Кыргыз ССР ИАнын корр. мүчөсү (1979), акад. (1993), РАЧИА­нын академиги (1992). Кыргыз ССР мамл. сыйл. лауреаты (1967). КРдин а. ч‑на эмг. сиң. кыз­маткери (1993). 1956‑ж. К. И. Скрябин атн. КАЧИни бүткөн. Кыргызстан дыйканчылык ИИИнин  улук ил. кызматкери 
АКИМАЛИЕВ40.png

(1961-62), директордун ил. иш б‑ча орун басары (1962‑63), Кант кызылчасы б‑ча таж­рыйба‑селекция станция­нын директору (1963‑68), Кыргыз ССРинин Айыл чар­ба министринин биринчи орун басары (1968‑71), Со­кулук райкомунун 1‑секре­тары (1971‑79), КАЧИнин ректору (1979‑86), Кыргызстан дыйканчылык ИИИнин ген. директору (1987‑96, 2001‑жылдан). КААнын президенти (1996‑2001). Негизги эмгектери кант кызылчасы­нын азыктуулугун көтөрүүгө арналган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь революциясы, Ма­нас (III даражадагы) ордендери м‑н сыйланган. Эмг.: Жогорку түшүм алуунун жолдору. Ф., 1965; Сугат жерлериндеги кант кызылчасы. Ф., 1967; Вы­ращивание сахарной свёклы в Киргизии. Ф., 1971; Система возделивания орошаемой сахарной свёклы в Киргизской ССР. Ф., 1974.