АЖЫРАТУУ ЖӨНДӨМДҮҮЛҮГҮ
Jump to navigation
Jump to search
АЖЫРАТУУ ЖӨНДӨМДҮҮЛҮГҮ – оптикалык приборлордун нерселердеги жакын жайланышкан эки чекиттин сүрөттөлүштөрүн даана көрсөтүүчү чондук. Сүрөттөлүштөрдүн кошулуп кетерине туура келүүчү эки чекиттин ортосундагы минималдуу аралык прибордун ажыратуу чеги деп аталат. Бул чоңдукка тескери чоңдук прибордун оптикалык күчүн туюнтуп, оптикалык системадагы ар түрдүү абберацияларга ж‑а жарык толкунунун дифракция кубулушуна көз каранды. Ар кандай оптикалык прибор жарык нуру кирүүчү ж‑а чыгуучу эки тешиктен турат. Эгерде абберациясыз, өтө так жасалган оптикалык системаны алсак, тешиктерден өткөн жарык толкундар дифракциялык кубулушка чалдыгып, ар бир чекиттин сүрөттөлүшү чекитти курчаган жарык ж‑а караңгы шакекчелердин системасы түрүндө көрүнөт. Эгерде ар бир дифракциялык тактын борб. экинчи кара тегеректин чети м‑н тийишсе, дифракция теориясынын негизинде жанаша жаткан эки чекит өз алдынча так көрүнөт. Бул шарт Рэлей критерийи деп аталат. Мындан келип чыккан А. ж‑нүн чегин аныктоочу формула оптикалык системанын параметрлери f ж‑а Dга көз каранды δ = 1,21 λf/D, мында λ – жарык толкунунун уз., f – оптикалык системанын фокус аралыгы, D кирүүчү тешигинин диаметри. Абберациясыз оптикалык система болбойт. Ошондуктан, реалдуу оптикалык системалардын А. ж. бул формула б‑ча эсептелген сандан башкача болот.