АГРОЛАНДШАФТ
Jump to navigation
Jump to search
АГРОЛАНДШАФТ‒ мезорельефтин элементте ринде топурак ареалы м-н чектелген же болбосо топурак курамына (бирдей геол., литологиялык, гидрол. ж. б. шарттарда) ээ болгон жер бетинин бир бөлүгү. А. топурактын түшүмдүүлүгүн арттыруу үчүн экол. коопсуздукту эске алуу м-н жер ресурстарынын мүмкүнчүлүгүн эӊ арбын колдонгон а. ч. иштеринин түрүнө кирет.
Айдоо жерлерди туура эмес пайдалануунун натыйжасында жерлер суу, шамал аркылуу эрозияга учурап, көп жерлерде жер кыртышын суу басып, шорлонтуп жиберет. О. эле, бул айдоо жерлердин хим. (канцерогендик, мутагендик) заттар м-н булганышынан айдоо жерлердин түшүмдүүлүгү төмөндөйт. Хим. жер семирткич тердеги уулуу заттар калк арасында ар түрдүү оорулардын көбөйүшүнө өбөлгө түзгөн. Бирок, акыркы жылдары хим. заттар биол. заттар м-н алмаштырылууда. А. Козубекова.