АНАРОВ Алля

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:10, 9 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АНАРОВ Алля [1907, Ош обл., Араван р-ну, Ачы (Беш-Бадам) айылы – 1979, ошол эле жерде] – а. ч. өндүрүш новатору, эки жолу Соц. Эмг. Баатыры (1948,1951), Кыргыз ССРинин дыйканчылыкка эмг. сиң. устаты (1945). Коллективдештирүү учурунда алгачкылардан болуп колхозго  кирген. 1936-51-ж. Ош обл-нун Араван р-нундагы  "Коммунизм» колхозунун звено башчысы. Ал  жетектеген звено пахта өстүрүү иштеринде алдынкы агротех. ыкмаларды колдонуп, 1948-49- жылдары 6 гектар жердеги, 1950-ж. 10 гектар  жердеги пахтанын ар гектарынан мол түшүм  өстүрүп алууга жетишкен. 1951-62-ж. ошол эле колхоздун талаачылык бри
АНАРОВ 72.png

гадасынын, 1962-67-ж. пахтачылык бригадасынын бригадири. 1967-68-ж. жаңы уюшулган «Пахтачы» совхозунун пахтачылык бригадасын жетектеп, ал совхоздун дың жерлерин өздөштүрүүнүн демилгечиси болгон. 1958-62-ж. СССР Жогорку Советинин, 1951-59-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Беш Ленин ордени, Кызыл Жылдыз ордени м-н сыйланган.