АЛДАШЕВА Айгүл Абдулхаевна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:40, 31 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛДАШЕВА Айгүл Абдулхаевна (3. 6. 1951-ж. т., Фрунзе) ‒ психология илимд. доктору (1996). Ленинград мамлекеттик университетин бүтүргөн. КР УИАсында илимий кызматкер болуп иштеген. Социалдык психология ж-а башкаруу психологиясы б-ча адис. 1999-жылдан КРдин Улуттук банкынын персоналдар м-н иштөө б-ча кеӊешчиси. Алдашеванын адамдын эмгек ишмердигиндеги психологиялык факторго ж-а анын физиологиялык жактан нормалдашуусуна талдоо жүргүзгөн 40тан ашык илимий эмгектери бар.