АЙДАРОВ Ташпай

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:21, 26 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЙДАРОВ Ташпай (1919, Жалал‑Абад обл., Чаткал р‑ну, Каныш‑Кыя кыш.) – малчы, Соц. Эмг. Баатыры (1971). 1932‑жылдан Чаткал р‑нундагы «Победа» колхозунда колхозчу, баш чабан, 1958­-жылдан «Чаткал» совхозу­нун (азыркы «Каныш‑Кыя») баш чабаны.
АЙДАРОВ51.png

Койдун санын көбөйтүүдө жогорку ийги­ликтерге жетишип, 1970‑ж. ар жүз тубар койдон 140тан козу алып, чыгашасыз асы­раган, ар койдон 4,2 кг жүн кыркып алган. 1975‑80‑ж. Кыргыз ССР Жогорку Со­ветинин депутаты. Эки Ленин ордени м‑н сыйланган.