АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК АДЕП
12:15, 4 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) (Kerimova-59 moved page АДМИНИСГРАЦИЯЛЫК АДЕП to АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК АДЕП) тарабынан жасалган версия
(этика) – мамл. органдардын, ишканалардын жетекчилеринин ж‑а мамл. кызматчылардын кесиптик жумушунда жетекчиликке ала турган адеп‑ахлак баа-луулуктарынын, принциптердин ж‑а түшүнүктөрдүн жыйындысы. Мамл. кызматчыда кесипкөйлүктөн тышкары, чынчылдык, мыйзам алдындагы жоопкерчилик, ишин илгерилетүүгө умтулуу, жарандарга сый мамиле кылуу, тартиптүүлүк сыяктуу адеп‑ахлактык сапаттардын болушу талап кылынат. Өлкөдө 2001‑ж. 9‑январда КРдин Президентинин Указы м‑н «Мамлекеттик кызматчылардын этикасынын негиздери жөнүндөгү жобо» бекитилген. Жободо төмөнкүдөй негизги принциптер каралган: жогорку кесиптик деңгээлде милдеттерин аткаруу, жүрүм‑турум эрежелерин сактоо, сылык, чыдамдуу, принципиалдуу болуп, маселенин маани-маңызын жете түшүнүүгө умтулуу, каршысын уга билүү ж‑а чечимдерди таразалап, негиздеп кабыл алуу, башка кызматчылар тарабынан адеп бузууларды көңүл кош калтырбоо, өзүнө баш ийген кызматчыны туура эмес ишке ж‑а мыйзам бузууга түртпөө, мамл. жашырын сыр болгон кызматтык маалыматтарды жайылтпоо, башка адамдар м‑н жетекчисинин ж‑а өзүнүн иш‑аракеттерин талкуулабоо, кызмат абалын өзүнүн же жакындарынын кызыкчылыгына пайдаланбоо ж. б. Мындан тышкары «Судьялар этикасынын кодекси» кабыл алынган. Анда судьялардын жүрүм‑турум эрежелери баяндалган. Бекитилген этика ченемдеринин мамл. кызматчылар тарабынан бузулушу аларды кызматтан бошотууга негиз болот.
К. Эсенканов.