АСАНКАНОВ Абылабек
Абылабек (1954-ж. т., Нарын обл.,
Жумгал р-ну, Доскулу айылы) – тарыхчы, тарых илимд. доктору (1993), проф. (1996), KP
УИАнын корр. мүчөсү (2000), акад. (2021). КРдин илим ж-а техника б-ча мамл. сыйлыгынын лауреаты (2002).
1977-ж. КМУну бүткөн.
1977–79-ж. Жумгал р-нунун
мектептеринде мугалим, 1979–82-ж. ФПИде окутуучу, 1983–93-ж. КМУнун окутуучусу, археол. ж-a этногр.
кафедрасынын башчысы, 1992–94-ж. КМУнун тарых
ф-тинин Кыргыз таануу борборунун директору, ошол эле мезгилде (1993-жылдан) ил. пропагандалык
«Мурас» ишкер долбоорунун директору, КРдин
Президенттик адм-нын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы, 2001–05-ж. И. Арабаев атн.
Кыргыз мамл. пед. ун-тинин ректору, 2005-жылдан КР УИАнын алдындагы Тарых, этнология ж-а археология ин-тунда директор. Кыргыздын тарыхына, этносоциологиясына, рухий мад-тына арналган 100дөн ашык ил. эмгектин (а. и. 10 монография) автору.
Эмг.: Социально-культурное развитие современного сельского населения Киргизии. Ф.,1989; Кыргызы: рост национального самосознания. Б., 1997.