АРБУЗОВ Алексей Николаевич
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
Алексей Николаевич (13. 5. 1908, Москва – 20. 4. 1986, ошол эле жерде) – орус драматургу. СССР мамл. сыйл. лауреаты (1980). Ленинград театр окуу жайын бүткөн. Чыгармалары 1930-жылдан жарыялана баштаган. «Таня» (1939) пьесасы м-н драматург катары таанылган. «Сүйүктүү алтоо» (1935), «Алыс жол» (1935),«Таң алдындагы шаар» (1941), «Четтеги үй»(1943), «Саякат жылдары» (1954), «Иркутск окуясы» (1959), «Саат он экиге кетти» (1959), Жоголгон уул» (1961), «Байкуш Маратым»
(1965), «Бактысыз адамдын бактылуу күнү», «Шайлоо» (1971),«Эски Арбаттын жомогу» (1972) ж. б. чыгармаларды жазган. Ал чы-гармаларында жаш муундардын ички дүйнөсүн калыптандыруу, тарбиялоо ж. б. учурдун орчундуу моралдык-этикалык маселелерин көтөргөн.