АПЕЛЬСИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(Citrus sinensis)– руталар тукумунун цитрус уруусундагы дайыма жашыл мөмө

дарагы. Бийикт. 7-12 мге жетет. Жапайы түрү белгисиз. Мекени Индия ж-а Түш.-Чыгыш Азия.
Жалбырагы сүйрү, гүлү кош жыныстуу, ак, жьггтуу, жалгыздан же чачы топ гүлгө чогулган. Мөмөсү уруктуу, салм. 300-600 г, өңү сары, жыттуу, таттуу же кычкыл, ширелүү.
Курамында кант, лимон к-тасы, аскорбин к-тасы, А, В, Р витаминдери, кальций, калий, фосфор
туздары бар. Мөмө кабыгында ж-а жалбырагында эфир майы болот. Ал 75 жылга чейин мөмө байлайт. Сортторунун 4 тобу белгилүү. Мөмөлөрүнүн түсү ар түрдүү. Көп сорттору 4 миң жылдан бери Бирманын чыгышы ж-а Кытайдын түш.-батышында, тропик ж-а субтропикте, ал эми Европада (Кавказда, Крымдын Кара деңиз жээгинде) 15-к-дан бери өстүрүлөт.

АПЕЛЬСЙН 13.png