АЗИМОВ Розу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:26, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Розу (22. 9. 1925, Жалал‑Абад обл., Сузак р‑ну, Кызыл‑Мехнат кыштагы – 2006, ошол эле жерде) – Сов. Союз. Баатыры (1944). Кырг‑н КП БКга караштуу респ. парт, мектепти (1951), Жалал‑Абад пед. окуу жайын (1965) бүткөн. 1943‑ж. Ташкенттеги аскер окуу жайынан Беларуссия фронтуна жөнөтүлгөн. 1944‑ж. 23‑июнда немецтик‑фашисттик армиянын Витебск багытындагы коргонуу линиясын түн.-батышынан бузуп өтүүдө жолдошторун эр жүрөктүүлүк м‑н чабуулга баштап барган. Ал баштаган жоокерлер 1944‑ж. 25‑июнда батыш Двина д‑нан биринчилерден болуп өтүп, Витебскинин түштүгүнөн чабуул коюп бараткан З-Беларуссия фронтунун жоокерлери м‑н жолугушкан. Ошондо душман аскерлерин курчоого алып, талкалоодо эрдик көрсөткөндүгү үчүн А‑го Сов. Союз. Баатыры наамы берилген. Согуштан кийин колхоздун башкармасынын төрагасынын орун басары, майыптар үйүнүн директору ж.б. кызматтарда иштеген. Ленин, 1‑даражадагы Ата Мекендик согуш, 3‑даражадагы «Манас» ордендери м‑н сыйланган. 
АЗЙМОВ29.png