АВАНЕСОВ Рубен Иванович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
22:54, 13 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВАНЕСОВ Рубен Иванович [1 (14). 2. 1902, Нагорный Карабах, Шуша ш. - 1. 5.1982, Москва] - орус тилчиси, СССР ИАсынын корр. мүчөсү (1958). СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1971). Москва фонологиялык ж-а лингвистикалык, география мектептерин негиздөөчүлөрдүн бири. Москва мамлекеттик университетин бүтүргөн (1925). 1944-жылдан СССР ИАнын Орус тили институтунда, ошондой эле Москва мамлекеттик университетинде эмгектенген. Тарыхый ж-а баяндама фонетика, фонология, орус диалектологиясы, орус тилинин тарыхы, орус орфоэпиясы м-н орфографиясы б-ча илимий эмгектери бар.