АФИНЫ байыркы шаар-мамлекет

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:56, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Б а й ы р к ы ‒ Байыркы Грекиянын тарыхында жана мад-тында Спарта менен катар эле чоӊ роль ойногон Аттикадагы шаар-мамлекет (полис). А-нын тарыхы бир нече доорго бөлүнөт. Эзелки А. (б. з. ч. 2 миӊинчи жылдан 6-к-га чейин). Археол. изилдөөлөр б-ча Микен доорунда эле Акрополдун айланасында чеп, дубал менен курчалган алгачкы турак жайлар салынган. Аттикадагы уруу жамааттарында акырындап жердин көбү аристократтардын менчигине өткөн. Карыздар болгон дыйкандар жеринен гана эмес, эркиндигинен да ажыраган. Карыз эркин адамдарды кулга айландыруунун бир булагы болгон. Б. з. ч. 594‒593-ж. демостун кысымы астында Солон реформа жүргүзүп, ал б-ча дыйкандардын карыздары жоюлган жана эркин афиналыктарды карыз үчүн кулга айландырууга тыюу салынган. 560-ж. ченде А-да саясий төӊкөрүш болуп, Писистраттын тираниясы орнойт. Ал дыйкандардын, кол өнөрчүлөрдүн, соодагерлердин кызыкчылыгын көздөгөн саясат жүргүзгөн. 508-ж. Клисфен жетектеген демостун көтөрүлүшү жеӊишке жетишкен. Клисфен жүргүзгөн реформанын натыйжасында уруулук түзүлүштүн калдыктары жоюлуп, кул ээлөөчүлүк мамлекет түптөлгөн. Грек-Персия согушунда (б. з. ч. 500‒449) А. чоӊ роль ойногон. Ионийлик ш-лардын көтөрүлүшүн колдоп, перстерди жеӊген, грек мамлекеттеринин коргонуу союзуна биринчилерден кирген (490), кийинчерээк А. Делос союзун жетектеп калган. А-да ошол кезде эӊ прогрессчил мамл. түзүлүш ‒ кул ээлөөчүлүк демократия орнотулуп, Периклдин убагында А. эӊ жогорку гүлдөөгө жетишкен, жогорку бийлик элдик чогулушка өткөн. Мад-т, курулуш иши мыкты өнүккөн. Акрополь ансамбли дүйнөлүк архитектуранын эӊ сонун үлгүсү болуп калды. Бирок А. державасынын ичиндеги карама-каршылыктар анын башка полистер менен кагылышуусуна түрткү болгон жана бүткүл Грецияны бүлүнткөн Пелопонесс согушунун (431‒404) чыгышына алып келген. Бул согушта А. жеӊилип, Грекиядагы өзүнүн мурдагы маанисин биротоло жоготкон. Эллин доорунда А-нын абалы бир нече жолу өзгөрүп, кээде узакка болбосо да, көз каранды эместикке жетишип, айрым учурда Македония аскер гарнизонун киргизип турган. Б. з. ч. 146-ж. А-да Рим үстөмдүгү орногон. 88-ж. А. Римге каршы кыймылга кошулган, 86-ж. римдик кол башчы Корнелий Сулла А-ны каратып алат.

      Ад.: История древней Греции.: под ред. В. И. Авдиева, А. Г. Бокщанина. М., 1972.