АЭРОМАГНИТТИК СЪЕМКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:04, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

‒ атайын жабдылган самолёттор, вертолёттор жана спутниктеги аппараттар менен жердин магнит талаасын изилдөө ыкмасы. Ал изденчү жердин магниттик чыӊалуу күчүнүн тике багыттуу вектор бөлүгүн же жер магнетизминин толук векторун тынымсыз автоматтык түрдө аэромагнитометр менен ченөөгө негизделген. А. с. ыкмасы тоотектердин айрым түрлөрүн ажыратууда, геол. карталарды түзүүдө жана темир, боксит ж. б. кендерин издөөдө пайдаланылат. Съёмканын масштабына жараша маршруттардын аралыгы 500м ден 10 кмге чейин өзгөрөт. Маршруттар геол. структуралардын туурасын карай бири бирине жарыш жүргүзүлөт. Мында самолёт бир калыптагы бийиктикте учууга тийиш. Жыйынтык тары изокарталар жана графиктер түрүндө көрсөтүлөт.