АХМЕТОВА Хадича
Jump to navigation
Jump to search
Хадича (30. 5. 1902, Ысык-Көл обл., Каракол ш. ‒ 11. 2. 1989, ошол эле жерде) ‒ педагог. Каракол ш-ндагы жетим балдар үйүндө аялдардан чыккан биринчи тарбиячы (1918‒19). Караколдогу орус-тузем мектебин бүтүргөн (1915‒18). 1920‒53-жылдарда Кырг-ндын мектептеринде мугалим болуп иштеген. Караколдогу пед. окуу жайын сырттан окуп бүтүргөн (1940‒46). Ал эл агартуу ишине сиӊирген эмгеги үчүн Ленин ордени (1951) жана медалдар менен сыйланган.